Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Баткенде эр жүрөк, патриот эл жашайт

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2019 | 1082 | 0

Бийлик да, парламент да чек ара маселесин чечүү аракетинде. Эч кимде каршы пикир жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Эл өкүлүнүн баамында, кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөй бир жактуу болсо, 1 күндө чечилмек. Бирок маселеде эки мамлекеттин кызыкчылыгы бар. Анткен менен тажик тарап сүйлөшүүгө келбей жатат. Акыркы кырдаалдан соң сүйлөшүүлөр тездеши ыктымал.

«Эки өлкөнүн башчылары достук мамиледе жолукту. Маселе эки тараптуу, дипломатиялык жолдо чечилиши кажет. Кырыгызстан кызыкдар болгону менен тажик тарап кандайдыр бир себептер менен кызыкпай жатат. Бүгүнкү кырдаалдан соң баары ачык айтылат деп ойлойм. Суу сактагычтарды куруп алсак, Тажикстанга кыр көрсөтүүгө рычаг пайда болмок», — дейт эл өкүлү.

Тиллаевдин айтымында, өкмөт эки өлкөнүн президенттеринин тапшырмасын аткарууда начар иштеп жатат. Бирок мындай кырдаалда өкмөт кетсе, бардык жумуш токтоп калат.

Делимитация, демаркация иштери боюнча түзүлгөн комиссиянын курамын кайра карап чыгып, ага жергиликтүү жарандарды кошуу керек.

«Бул маселе качан чечилерин айтуу татаал. Бирок биз талап коюп жатабыз. Баткенде эр жүрөк, патриот эл жашайт. Ок атуудан кийин да «көчүп кетебиз» деген сөз болгон жок. Эл пенсияларды көтөрүү, жумуш орундарын түзүү талаптарын койгон жок. Болгону чек араны тактап, коопсуздукту камсыздоону суранышты. Максат айылынын тургундары электр энергияны оңдоп берүү талабын койду», — дейт депутат.

Эске салсак, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лейлек районуна караштуу Максат айлында эки тараптуу атышуудан бир чек ара кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алган. 16-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун тапшырмасы менен вице-спикер Аида Касымалиева жана 4 эл өкүлү кыргыз-тажик чек арасынан кабар алган. Окуя болгон жерге Өкмөт башчы да барган.

Copyright © 2017 Maral FM