Биз менен байланышыңыз

Тажикстан: Кыргызстандын Тажикстандагы элчисине нота тапшырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 777 | 0

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Тажикстандагы элчисине чек арадагы окуяга байланыштуу нота тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат департаменти расмий сайтына жазды.

Ага ылайык, кечээ, 17-сентябрда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Анда кыргыз-тажик чек ара аймактарында буга чейинки жетишилген макулдашууларга дал келбеген аракеттер жасалганын, кыргыз жарандары такталбаган жерге мыйзамсыз курулуш иштерин баштаганы тууралуу айтылып, катуу нааразылык билдирилген.

Буга чейин, чек арадагы жаңжалга байланыштуу Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырылган болчу.

Эске салсак, 16-сентябрда Лейлек районунун Максат жана Сай айылдарына жакын чек ара аймактарында эки тараптуу кагылышуу орун алып, бир кыргыз аскери каза болуп, 13 аскер ар кандай түрдө жаракат алган. Ошондой эле, тажик тараптан 3 аскер көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM