Биз менен байланышыңыз

Пирматов: Чек араны чечүү үчүн аткезчиликти токтотуу керек

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 1246 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов чек ара маселеси боюнча өзүнүн оюн ортого салды. Бул боюнча пикирин ал Фейсбук баракчасына жарыялады. Депутат: «Чек ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу бар, Кыргызстан өзүндө болгон рычагдарды пайдаланышы зарыл», — деп эсептейт. 5-6 аткаминердин бизнес кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө туруш керек!

«Түзүлгөн жагдайда болгон рычагдарды колдонбоо — өтө туура эмес жана жадагалса кылмыш деп эсептейм! Ал рычагдардын эң негизгиси — Баткен областы аркылуу Тажикистанга транзит менен өтүп жаткан миңдеген тонна контрабанданы бууп салуу! Бул чоң экономикалык сокку болот. Сүйлөшүү процессин баштап, демаркация процессин жыйынтыктаганга кошуналарыбызды мажбурлайт. 5-6 аткаминердин бизнес кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө туруш керек! Өкмөтүбүздүн бул чечкиндүү кадамга -тез арада эрки жетет деп ниеттенели», — дейт депутат.

Эске сала кетсек, 16-сентябрь күнү Лейлек районунун Тажикстанга чектеш аймагында ок атышуу болуп, бир кыргыз аскери каза болгон. Дагы 13 адам жаракат алган. Арасында өспүрүм бала да бар.

Чек- ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу — делимитация, демаркация процессин баштап бүтүрүү. Бул Кыргызстан жана…

Опубликовано Исхак Пирматов Вторник, 17 сентября 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM