Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Максаттан 700 киши эвакуацияланды деген маалымат калп

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 509 | 0

Лейлек районундагы Максат айылынан 700 киши эвакуацияланды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Жергиликтүү бийлик тарабынан жарандарды көчүрүү иши жүргөн эмес. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечинде жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү коопсуздук үчүн жакынкы айылдардагы туугандарыныкына өздөрү кеткен. Алар негизинен аялдар, кары-картаңдар жана балдар. Бүгүн эртең менен тургундар өз үйлөрүнө кайра кайтып бара башташкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кечээ жергиликтүү мектептин имаратына 128 адам түнөгөн. Эртең менен ал жерде 90 жаран калган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяда бир аскер кызматкери каза болуп, 13 киши жаракат алды – алардын ичинен жетөө — аскер кызматкери, алтоо — жөнөкөй жаран. Баткен облусунан Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна аскердик авиациянын жардамы менен 10 бейтап алынып келинди.

Copyright © 2017 Maral FM