Биз менен байланышыңыз

Лейлек. Ок атышууда жаракат алгандар Бишкекке жиберилди

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 452 | 0

Лейлекте болгон ок атышууда жаракат алган 10 адам өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн учагы менен Бишкекке жиберилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана маалымат каражаттары менен иштөө бөлүмү билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ 16-сентябрда Лейлек районунун Максат айылындагы Тажикстан менен чек арада ок атышуу катталды. Анда 1 чек ара аскери набыт болуп 13 киши жаракат алган. Арасында жергиликтүү тургундар, жаш балдар бар. Алардын 10у Бишкекке жиберилди.

Copyright © 2017 Maral FM