Биз менен байланышыңыз

Тажик бийлиги чек арадагы «Кулунду-Унаажол» бекетин бир тараптуу жапты

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 780 | 0

Тажик күч органдары бир тараптуу негизде «Кулунду-унаажол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Бул чектөөнүн үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок, алар  көзөмөл өткөрүү жайынан эркин өтө алышат.

Кыргыз тарап чек ара тилкедеги «Кулунду-унаажол» көзөмөл-өткөрмө бекетине гана чектөө койду. Калган бекеттер күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Кыргыз-тажик Өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесине 5 өткөрмө бекет курулган.

Көп тараптуу болуп эсептелип, күнү-түнү иштеген «Кулунду-унаажол» көзөмөл-өткөрмө бекети Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылынын түндүгүндө жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM