Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы, генерал Кеңешбек Дүйшөбаев «Маралда» «Кечээ. Бүгүн. Эртең.» программасына берген маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик башкаруу системасын талкалаганын билдирди.
Анын айтымында, Атамбаев 6 жылда кадрларга болгон жоопкерчиликти өзгөрткөн.
«Мурда кадрлардын кесипкөйлүгү, таза иштегени башкы фактор болсо, Атамбаевдин убагында ал ийкемдүүлүк, кошоматчылыкка алмашып кетти», — дейт Дүйшөбаев.
Ал мындан сырткары, Атамбаев оппозиция түптөй албаганын белгиледи.