Биз менен байланышыңыз

Бишкекте манасчылар эскерилет

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 398 | 0

17-сентябрда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында манасчыларды эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган эскерүү Балык Кумар уулунун 220, Жаңыбай Кожек уулунун 150, Молдобасан Мусулманкуловдун 135, Саякбай Каралаевдин 125, Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгына арналат.

Уюштуруучулар: Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, «Манас Эл» кыймылы жана «Көйкашка» коомдук фонду.

Copyright © 2017 Maral FM