Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Спорт шаарчасы» курулат [сүрөт]

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 656 | 0

Мамлекеттик жана жарандык керектөөлөрдү камсыздоо, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында Бишкекке «Спорт шаарчасын» куруу үчүн Чыңгыз Айтматов проспектиси № 86/2 дарегинен 12 гектар жер бөлүп берүү боюнча токтомго Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 6-сентябрда кол койду. Бул тууралуу  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 24- январда президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө Футбол федерациясы менен биргеликте Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну сунуштаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM