Биз менен байланышыңыз

«Чек ара маселеси 1 күнгө кечиксе, 1 метр жерди уттуруп жатабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Сен 2019 | 1503 | 0

«Өкмөт башка иштерди коюп, чек араны такташы керек. Анткени, 1 күн кечиксе, 1 метрге уттуруп коёбуз. Мындан улам маселени 1 саатка да кечиктирбөө зарыл» Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде чек араны тактоо боюнча түзүлгөн комиссияга каражат жетпей жатса, каржы көйгөйүн чечүү зарыл. Анткени, чек ара маселеси чечилмейинче, өлкөдө толук стабилдүүлүк орнобойт. Көйгөй жөнгө салынса, элдин социалдык-экономикалык абалы жакшырмак.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы жерди өкмөт чече албайт. Аны өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков чечет. Эки өлкөнүн президенттери жолугуп, сүйлөштү. Тажик тараптын да шарттары бар. Комитеттин мүчөлөрү алар койгон шартка көнгөн эмеспиз. Аймактагы жеке ишкерлерди колдоо жаатында жеңилдетилген насыя берсек… Мындан сырткары, миграциянын агымын токтотуу үчүн жумушчу орундарын түзүү зарыл. Бул боюнча сунуштарды берип жатабыз», — дейт Орозова.

Эске салсак, 14-сентябрда Жака-Өрүк айылында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон. Андан соң аталган аймакка Кыргызстандын жана Тажикстандын жергиликтүү тургундары чогулуп, кечинде кайра тарашкан.

Ошондой эле, Лейлек районунун Максат айылында такталбаган чек ара аймагына тажик тарап курулуш иштерин баштаган. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, кыргыз тарап курулуш ишин токтотууну талап кылган.

15-сентябрда Тажикстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Абдикарим Алимбаев Баткенге барган.

Copyright © 2017 Maral FM