Биз менен байланышыңыз

«Чек ара боюнча президентке туура эмес маалымат берилген»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Сен 2019 | 2363 | 0

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча президент Сооронбай Жээнбековго туура эмес маалымат берилген. Бул тууралуу Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тажик тараптын башкы максаты — Ворух анклавына коридор издөө.

«18 км кирип келди, Ворухка жетишине 2 км эле калды. Кошуналардын түпкү максатын билебиз. Күнүмдүк тиричиликте алар менен базарыбыз да, мазарыбыз да бир. Комиссиядагы коррупциялык иштердин айынан учурда ушундай кырдаал жаралып, аким ашты, губернатор төштү сүйлөп отурган мезгил», — дейт Бөрүбаев.

Эске салсак, 14-сентябрда Жака-Өрүк айылында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон. Андан соң аталган аймакка Кыргызстандын жана Тажикстандын жергиликтүү тургундары чогулуп, кечинде кайра тарашкан.

Ошондой эле, Лейлек районунун Максат айылында такталбаган чек ара аймагына тажик тарап курулуш иштерин баштаган. Кыргыз-тажик Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, кыргыз тарап курулуш ишин токтотууну талап кылган.

15-сентябрда Тажикстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Чек ара кызматынын башчысын орун басары Абдикарим Алимбаев Баткенге барган.

Copyright © 2017 Maral FM