Биз менен байланышыңыз

«Путин Зеленский менен көп баарлашат»

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 520 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенкого караганда, учурдагы башчысы Владимир Зеленский менен көп баарлашат. Мындай пикирин АКШнын Украинадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Уильям Тейлор билдиргенин УНИАН басылмасы жазды.

«Президент Путин Зеленскийдин чалуусуна үч ирет жооп берди, менин билишимче, ал мурдагы лидер Порошенконун чалууларына мынчалык көп жооп берген эмес. Бул жакшы жышаан деп ойлойм», — деди дипломат.

Тейлор белгилегендей, Зеленский менен Путиндин баарлашуусу оң жыйынтык көрсөтүүдө. Айрыкча, туткундарды алмаштыруу «Зеленскийдин жеңиши» экенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM