Венесуэланын президенти Николас Мадуро эл менен болгон жолугушуусунда Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясынын кезектеги жыйынына катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттер баракчасы аркылуу чагылдырды.
«Мен барбаймын, силер менен каламын», — деди президент.
Мадуронун айтымына караганда, БУУнун жыйынында Венесуэланын позициясын вице-президент Делси Родригес жана ТИМдин жетекчиси Хорхе Арреаса жактайт.