Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы: Комиссия жашыруун маалыматтар менен таанышуу ниетинде

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Сен 2019 | 970 | 0

Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия уруксат берилсе, жашыруун сыр болгон маалыматтар менен таанышат. Анын негизинде окуяны объективдүү кароого шарт түзүлөт. Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү Артур Медетбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен ИИМдин жетекчиси Кашкар Жунушалиев комиссияга маалымат берген. Бирок так жана толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Мындан улам комиссия кийинки жума аталган мекемелерге барып, жашыруун материалдар менен таанышып, айрым кызматкерлерге жолугуп маалымат алуу боюнча чечим чыгарды.

«Өлкөдө демократиялык процесстер күчөп, баары маалымат алгысы келет. Бирок мыйзамдарды унутпоо зарыл. Тергөө иштери бүтсө, баштык боюнча да маалыматтар берилет. Эгерде тараган билдирүүлөр туура эмес болсо, аны тараткан адамдар да жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн. Комиссиянын максаты: окуянын себептерин иликтөө жана андан сабак алуу, бүтүм чыгаруу», — дейт Медетбеков.

Ал комиссиянын ачык-айкын иштөөсүнө шарттар түзүлгөнүн, коомчулукка объективдүү маалымат берилерин айтып ишендирди. Ошондой эле комиссиянын жыйындарына ЖМКнын өкүлдөрү тоскоолдуксуз катыша аларын кошумчалады.

«Жыйында сөз болгон сунуштар боюнча протокол жазылууда. Комиссиянын мүчөлөрү чечим, иликтөө боюнча өздөрүнө моралдык жоопкерчилик алууда. Жөнөкөй жарандардын байкоочу катары комиссияга катышуусу иштөөгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн, киши батпай кетет», — дейт Медетбеков.

Эске салсак, 29-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү

 

 

Copyright © 2017 Maral FM