Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 29 Авг 2019 | 576 | 0

7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Буйрукка Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында, Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 8-августундагы
№ 3218-VI токтомун аткаруу үчүн кол коюлган.

Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо тапшырылды.

Кой-Таш  окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Жогорку Кеңештин депутаттары Бакытбек Райымкулов, Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, Абдыбек Дюшалиев, Талант Мамытов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтык Шайназаров, Азамат Арапбаев жана Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, Укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Рысбек Абдысатаров кирди.

Ошондой эле,Марат Джаманкулов Юстиция министри

Алтынбек Намазалиев Өкмөттүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Марс Саккараев Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы

Бекболсун Асанкулов Чуй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы,

Артур  Медетбеков-“Антитеррор-Альфа” ветерандардын коомдук бирикмесинин төрагасы

Коомдук ишмерлер: Исмаил Исаков, Кубатбек Кожоналиев , Турсунбек Акун жана Алишер Мамасалиев.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM