Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Япониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 412 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамураны дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Япониянын элчисине өз ара ишеним жана урматтоого негизделген кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Япония Кыргызстанга демократиялык баалуулуктарды жылдыруу максатында гранттык, кредиттик жана техникалык жардам берип келет. Кыргызстан элинин атынан ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Япониянын Элчиси Ёсихиро Ямамура Президентке жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын өтөгөн жылдары кыргызстандыктардын жана мамлекеттик бийликтин колдоосун жана жакшы мамилесин сезгенин белгиледи.

Ал JICA япон эл аралык кызматташуу агенттигинин «Бир айыл — бир азык» долбоору эми Ысык-Көл облусунда гана эмес, өлкөнүн бардык облустарында ишке ашырылып жатканын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана элчи Ёсихиро Ямамура өлкөлөр ортосундагы саясий, соода-экономикалык, парламенттер аралык, дипломатиялык, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM