Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 800 видеобайкоо камералары орнотулду

Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 713 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ишке ашып, адамдын жүзүн таануу функциясы бар 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду. Мындай маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ Коррупцияга каршы кеңештин жаңы курамдагы жыйынында айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, премьер-министр Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан тилкелерде жол кырсыктары 46,9 пайызга азайганын айтты. 2018-жылы 81 жол кырсыгы катталса, быйыл 43 учур катталган. Ошондой эле жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 51,8 пайызга кыскарган.

«Учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ал республиканын бардык 7 облусунун, республикалык маанидеги 2 шаардын, 15 облустук жана райондук маанидеги шаардын, өлкөнүн 73 калктуу пунктунун аймагын камтышы керек», — деп  белгилейт Мухаммедкалый Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM