Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан элдер Ассамблеясы Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрөт

Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 612 | 0

Эртең, 13-сентябрда белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата «Турдакун Усубалиев жана көп улуттуу Кыргызстан» аттуу салтанаттуу кече өтөт. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык байланыш мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара Кыргызстан элдер ассамблеясы тарабынан уюштурулуп жатат. Ага бир катар мамлекеттик, коомдук ишмерлер, Кыргызстанда жашаган этностордун өкүлдөрү чакырылган. Салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:30да башталат.

Белгилей кетсек, Турдакун Усубалиев Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы кызматын 25 жыл аркалап, өлкөнүн өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошкон. Ал жетектеп турган жылдарда Кыргыз өлкөсү бардык тараптан мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттердин алдыңкы сабына чыга алган. Айрыкча, борборубуз Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын көрктөнүшүнө кошкон салымын баса белгилеп айтып келишет. Эгемендик жылдардан кийин Кыргыз Эл Баатыры ардак наамы жана Ак шумкар төш белгиси менен сыйланган.

 

Copyright © 2017 Maral FM