Биз менен байланышыңыз

Биринчи май райондук соту Текебаев менен Чотоновдун ишин карайт

Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 440 | 0

Бүгүн, Биринчи май райондук соту абактан үй камагына чыгарылган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап баштайт.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин Жогорку сот 21-августта жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлүп, жараян 12-сентябрга белгиленген.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алды» деп айыпталып, 2017-жылы ар бири сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Copyright © 2017 Maral FM