Биз менен байланышыңыз

«Айыл чарбасын каржылоо» программасынын механизмдери жакшыртылышы керек»

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 385 | 0

«Айыл чарбасын каржылоо» программасын ишке ашыруу механизмдери жакшыртылышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешмеде билдирди.

«Айыл чарбасын каржылоо» программасын өркүндөтүү үчүн жаңы долбоор иштелип чыккан. Анда эки категорияны киргизүү каралган. Биринчиси, «Айыл чарбасын каржылоо – фермер» категориясы, ал социалдык багытта болуп, майда бизнес үчүн күрөөсүз топтук насыяларды алууга арналат. Экинчи категория — «Айыл чарбасын каржылоо – кластер». Бул линия 10 млн сомго чейин алуу мүмкүндүгү менен аймактын кластердик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Ошону менен бирге жаңы долбоорду каржылоонун модели дагы өзгөрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10 иш күндүн ичинде келечекке карата болжолдуу талдоосу менен долбоорду иштеп чыгууну жана тиешелүү токтом долбоорун Өкмөттүн Аппаратына киргизүүнү тапшырды.

Мындан тышкары кеңешмеде адистештирилген насыялык-аманат мекемелери аркылуу турак жайга максаттуу топтоо механизмин иштеп жаткан «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү талкууланды.

Муну менен бирге «Мамлекеттик ипотекалык компания»  ААКнын директору Эльмира Абжапарова, компания «Жеткиликтүү турак жай-2015-2020» программасынын алкагында эл аралык донорлорду ипотекалык насыялоого тартуу максатында иш алып барып жатканын билдирди.

«Айыл чарбасын каржылоо» программасы 7 жыл иштейт. Бул убакыттын аралыгында 90 миң фермер жалпы суммасы 34 млрд сом болгон жеңилдетилген насыя алды. Жалпы насыянын көлөмүнүн 68% мал чарбачылыгына, 17% – кайра иштетүүгө, калган 15% – айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө багытталды.

Copyright © 2017 Maral FM