Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорунун кеңешчиси менен жолукту

Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 403 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорунун кеңешчиси Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы маданият менен диндин жалпылыгы, руханий, адеп-ахлактык баалуулуктар, ошондой эле өз ара кызматташууга ак ниет менен умтулуу Кыргызстан жана Сауд Арабиясын бириктирип турарын белгиледи.

«Баткен жана Талас облустарындагы 61 айылды камтыган, суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу боюнча долбоорго кол коюлгандыгына кубанычтабыз», – деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап биргелешкен долбоорлор менен иштешүүгө даяр экенин жана мындан ары Сауд өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча кызматташууну кеңейтүүгө ишенимин билдирди.

Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорунун кеңешчиси Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычык билдирип, Сауд өнүктүрүү фонду ар кыл багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда Кыргызстан менен натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууну колдой турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM