Биз менен байланышыңыз

Аскаров: Өкмөт ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого дайыма даяр

Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 382 | 0

Өкмөт ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого дайыма даяр. Мындай пикирин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Өзгөн районунун Жылалды айылындагы травертин ташын иштетүүчү заводго барганда билдирди.

Курулуштун сырткы кооздугу үчүн травертин ташынан плита жасаган ишканада 18 киши иштеп жатат. Жасалгалоо үчүн өзгөчө кооздуктагы материал болуп саналган суюк травертинаны өндүрүштүн калдыгынан чыгаруу пландалууда. Ошондо жумушчу орундун саны да көбөйөт.

«Жеңилдетилген салык, текшерүүлөрдүн ирээтке келиши жана насыя алуунун жол-жобосунун жеңилдеши – мунун баары бизнести өнүктүрүү үчүн жасалууда. Мамлекет ишкерлерди колдоого жана бизнести өнүктүрүүгө кызыкдар», — деди Замирбек Аскаров.

Андан соң вице-премьер-министр Өзгөн районунун Дөң-Булак айылындагы 70 киши иштеген май өндүрүүчү заводдун иши менен таанышты. Аталган ишкана суткасына 50 тоннага чейин күн караманын, сафлордун жана соянын уругун кайра иштетет, май өсүмдөрүн кабыл алуучу үч пункт түзүлдү. Чыгарылган өндүрүм ЕАЭБдин бардык талаптарына жооп берет. Ал эми заводдун курулушуна ишкерлер 3,5 млн доллар салган. «Агрогоризонт» долбоорунун алкагында ЮСАИД каражаттын 20%ын бөлүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM