Биз менен байланышыңыз

«Бийликке саясий буйруктарды аткарган тергөөчүлөр керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Сен 2019 | 704 | 0

Укук коргоочу Рита Карасартова «Марал» радиосуна берген маегинде бийликке саясий буйруктарды аткарган тергөөчүлөр керек экенин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда милициянын портрети кандай экени белгисиз. Кызматкер мыкты иши үчүн прокуратурадан таяк жеп, сотко келгенде иши четке кагылып калышы да ыктымал.

«Тескерисинче, чала иштеген кызматкер алкышка татыйт. Бийлик муну менен «бийликтин буюртмасын аткаргандар жакшы өсөт, өз алдынча иштегендер калып калат» дегенди көрсөтүп коёт. Ошондуктан учурда кесипкөй адистерге талап жок. Мисалы, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов — кесипкөй адам. Бирок генералдык чинге жеткенден кийин сонун кинону тартып коюп, акырын… Мындайда бүгүнкү милициялар кантип жакшы иштесин? Алар деле генералдык даражага жеткен соң, бийлик ар кандай абалга түшүрүп коюшу мүмкүн», — дейт Карасартова.

Ал ИИМдеги реформага ар бир кызматкер кызыкдар экенин, андыктан өзгөрүүлөр ыкчам болушу керектигин белгиледи.

«Акчанын агымы өйдө жакка агып турганын баары билет. Ошентип отуруп кызматка жакшы балдар келсе да, эски система өз ишин улантат. Жогору жактан талап болбосо, калган сөздөр көз боёмочулук. Бийлик акчалууларга жана чоң муштумдарга таянат. Башкаруу ошол сиситема менен өтүүдө. Бизде жаңы бийлик эски бийлик жасаган иштерди жокко чыгарып салат», — дейт укук коргоочу.

Copyright © 2017 Maral FM