Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жол кырсыгынан 4 киши каза болду

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 626 | 0

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинде жеңил унаа менен автобус кагылышып, 4 киши каза болду. Учурда каза болгондордун өздүгү аныкталууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 9-сентябрда саат 14.54 чамасында болгон. «Skoda Octavia» үлгүсүндөгү унаа Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй кетип бара жатып, №129 үйдүн  каршысында «Ясин»  маркасындагы автобус менен кагышкан.

Жыйынтыгында унаада бара жаткан 4 киши окуя болгон жерде каза болуп, бир кыз оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Мындан сырткары, автобустун айдоочусу жана жүргүнчүлөрү ар түрдүү жаракат алышкан.

Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иш алып барууда. Учурда каза болгон жарандардын кимдиги жана жаракат алгандардын саны такталууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM