Биз менен байланышыңыз

Ташкент жолдорунда электроавтобустар жүрүп баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 674 | 0

Сентябрь айынан баштап Ташкентте алгачкы электроавтобустар ишке киргизилди. Маалыматка ылайык, тест түрүндө текшерилген автобустар учурда жүрүп жатат. Анын алгачкы жүргүнчүлөрү «Тошшахартраншизмат» компаниясынын жетекчиси жана журналисттер болду.

Vitovt Electro E420 үлгүсү запасындагы энергия менен 21-25 километр жол жүрө алат. Аны 6-8 мүнөт заряддоо жетет. Ага орто эсеп менен 90 жүргүнчү батат. «Белкоммунмаш» беларусиялык компаниясы чыгарган Е420 «Витовт Электро» автобусу да ушундай узактыкка жүрө алат.

Учурда электроавтобус Ташкентте сыноо иретинде колдонулууда.

Copyright © 2017 Maral FM