Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы жалпы шайлоо: Акыркы жыйынтык боюнча лидер талапкерлер

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 508 | 0

8-сентябрь күнү Орусия Федерациясына караган 85 өлкө жана шаарда жергиликтүү жана муниципалдык башкаруунун жетекчилерин шайлоо болуп өттү. Бул шайлоого мурдагыларга салыштырмалуу шайлоочулар аз катышты. Алсак, Башкыртстанда шайлоого 65% шайлоочу катышса, Санкт-Петербургда 23,69%, ал эми Москвада добуш бергендер жалпы 17,2 пайызды түздү.

Президенттин «Бирдиктүү Орусия» партиясы Мамлекеттик Думага кошумча шайлоо катары өткөрүлгөн төрт округдун (Хабаров крайы, Новгород, Свердлов жана Орловка облустары) үчөөндө жеңишке жетишти.

РИА Новости агенттигинин түз берүүсүндөгү облустук шайлоонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү талапкерлер лидерлик кылууда:

Новосибирь шаарынын учурдагы мэри Анатолий Локоть 50,25% добуш менен кайра шайланууда;

Санкт-Петербург — 90,11% эсептөөлөр боюнча Александр Беглов 64,67% менен лидерлик кылууда;

Мурман облусу — Чибис Андрей 60,07%

Липец облусу – Игорь Артамонов 67,27%

Курск облусу – Роман Старовойт 81,07%

Ставрополь облусу – Владимир Владимиров 79,65%

Калмакстан – Бату Хасиков 83,42%

Астрахань облусу – Игорь Бабушкин 75,64%

Волгоград облусу — Андрей Бочаров 76,81% добуш менен кайрадан шайланууда

Оренбург облусу – Денис Паслер 65,94%

Башкыртстан – Радий Хабиров 82,02%

Челябин облусу – Алексей Текслер 69,33%

Курган облусу – Вадим Шумков 80,86%

Алтай – Олег Хорохордин 58,82%

Забайкал крайы – Александр Осипов 89,61%

Сахалин облусу – Валерий Лимаренко 56,15%

Вологод облусуОлег Кувшинников 60,82%

Copyright © 2017 Maral FM