Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Украинанын башчылары телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү

Кыска кабар | 8 Сен 2019 | 448 | 0
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын лидери Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу Кремлдин маалымат кызматы жазып чыкты.

Маалыматта, эки тарап буга чейин камактагы жарандарды алмашуу жараяны Орусия менен Украинанын мамилесин чыңдоо үчүн болгон кадам катары эсептешет. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Путин менен Зеленский Украинанын ичиндеги болуп жаткан иштерди жөнгө салууну талкуулашты. Башкача айтканда  кагылышууларды токтотуу режимин сактоо негизги маселе экени айтылган. Ошондой эле алар мындан ары да байланышып турууга макулдуктарын беришкен.

Эскерте кетсек, Путин менен Зеленский телефон аркылуу үчүнчү ирет  сүйлөшүү жүргүзүштү. Бирок расмий түрдө жолугуу боло элек.

 

 

l

Copyright © 2017 Maral FM