Биз менен байланышыңыз

Орусия Украиналык туткундарды бошотту

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Сен 2019 | 445 | 0

Москва менен Киевде соттолуп, кармалып турган орусиялык жана украиналык туткундар менен алмашышты.

Орусиянын түрмөсүнөн бошотулган моряктарды, кинорежиссер Олег Сенцов жана башка туткундарды Киевдин «Борисполь» аэропортунан украин президенти Владимир Зеленский тосуп алды.

Зеленский туткундарды бошотууда жумушчу топ отуздан ашык күн  иш алып барганын айтты. Ошондой эле ал туткундарды бошотуу боюнча биринчи этап ишке ашканын белгиледи. Кийинки этап Минск келишиминин негизинде ишке аша турганын белгиледи.

Киев «РИА Новостинин” Украинадагы бөлүмүнүн башкы редактору Кирилл Вышинскийди Москвага өткөрүп бергени маалым болду. Туткундарды алмашуу боюнча маалымат ушул жылдын 30-августта тарай баштаган.

Владимир Зеленский Украинада соттолгон Орусиянын 16 жаранына ырайым берген жарлыкка кол коюп, 5-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүү аягына чыгып калганы тууралуу айткан.

Copyright © 2017 Maral FM