Биз менен байланышыңыз

Орусиялык олигарх Түркмөнстан президентинин эксперт-кеңешчиси болуп дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 427 | 0

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов «АРЕТИ» эл аралык компаниясынын жетекчиси, орусиялык олигарх Игорь Макаровду мунай-газ маселелери боюнча эксперт-кеңешчи кылып дайындады. Аны мурунку кеңешчи Ягшигельди Какаев сунуштаган.

Макаров бул сунушту кабыл алып жатып, Түркмөнстанда туулганын жана велосипеддин күйөрманы экенин белгилеген. «Forbes» журналынын жыйынтыгы боюнча орус олигархы Түрмөнстандагы муназ-газ тармагында 2,1 миллиард доллар байлыгы бар.

Белгилей кетсек, Игорь Макаров Орусиядагы Велоспорт федерациясын жетектейт.

Акыркы убактарда Макаров Ашхабадга байма-бай каттап турганын, президент Бердымухамедов менен жакшы мамиледе экенин Түркмөнстандык басма сөз каражаттары жазып келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM