Биз менен байланышыңыз

Крестинин: Зор чыңалуудагы кызыктуу беттеш болот

Кыска кабар , Спорт | 5 Сен 2019 | 491 | 0

Бүгүн футбол боюнча улуттук курама 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо этабынын алгачкы турунда Тажикстан курамасы менен беттешет. Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюн алдындагы маалымат жыйынында беттеш кызыктуу болорун белгиледи.

«Беттешке план боюнча даярданганбыз. Команданын маанайы жакшы. Тажикстандын акыркы оюндарын көрүп, алардын күчтүү тараптарын издеп-иликтедик. Алар менен Душанбеде болобу,  Бишкекте ойносок да ар дайым кызыктуу беттеш болот. Бул ирет да жогорку чыңалуудагы кызыктуу беттеш болот», — дейт Крестинин.

Ал ошондой эле, бул беттеш тайпалык этаптагы чечүүчү оюн эмес деп эсептейт.

«Бул беттеш тайпалык этаптагы чечүүчү деп айта албайм. Деген менен ар бир беттеш алтынга тете. Этаптын аягындагы оюндар чечүүчү болушу мүмкүн. Ал эми азыр — старт алдындагы толкундоолордун чегинде эле деп ойлойм», — деп кошумчалайт.

Өз кезегинде Тажикстан курамасынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошев Кыргызстан тажрыйбалуу команда экенин, ошондуктан беттешке олуттуу даярдык менен келгенин билдирген.

«Бизде бир эле милдет бар – беттешти жеңип, күйөрмандарга кубаныч тартуулоо», — дейт ал.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат. Аны Коомдук каналдын КТРК-спорт каналы түз алып көрсөтөт.

Copyright © 2017 Maral FM