Биз менен байланышыңыз

Алмасбек Абытов Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болду

Кыска кабар | 4 Сен 2019 | 443 | 0

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү кызматына Алмасбек Абытов дайындалды. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү отурумунда төрага Дастанбек Жумабеков билдирди.

Ал Абытовдун эмгек жолун Улуттук Илимдер Академиясында инженер кызматынан баштаганын, Жогорку Кеңештин аппаратынын бир катар бөлүмдөрүн жетектегенин, 5-чакырылыштын депутаты болгонун белгиледи.

Алмасбек Абытов буга чейин Өкмөттүк Аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

Белгилеп кетүүчү жагдай, Өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Ашырбек Темирбаев ушул жылдын 16-июлунда каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM