Биз менен байланышыңыз

Финансы полициясы бирдиктүү депозиттик эсепке 39 млн сом которду

Кыска кабар | 3 Сен 2019 | 427 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы коррупция менен күрөшүүдөн дагы 39 миллион 735 миң 700 сом өндүрдү. Бул сумма бирдиктүү депозиттик эсепке которулганын Финансы полициясы кабарлады.

Аталган мекеме тарабынан бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акчанын жалпы суммасы ушуну менен 795 миллион 488 миң 606 сомго жетти.

Copyright © 2017 Maral FM