Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү депозиттик эсептен каржыланган 15 мектептин курулушуна акча табылат

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 468 | 0

Бирдиктүү депозиттик эсептен каржыланып жаткан 15 мектепте кошумча имараттын курулушу сөзсүз түрдө аягына чыгарылат. Буга жетиштүү каражат табылат. Бул тууралуу пикирди Мамлекеттик курулуш агенттигинин турак-жай курулуш департаментинин Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эркин Абдыразаков «Маралдын» суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бул обьектилердин курулушу президенттин жеке көзөмөлүндө. Ошондуктан буга каражат жетпей калышы, жумуш аягына чыкпай калышы мүмкүн эмес, — деди Эркин Абдразаков.

Эскерте кетели, Коррупция менен күрөштөн түшкөн акчага Республика аймагында 15 мектептин курулушу каржыланууда. 15 объектинин жалпы божомолдуу наркы 941,9 млн сомду түзөт. Бүгүнкү күнгѳ жогорудагы 15 мектептин ичинен 9 объектиде курулуш жумуштары башталган. 3 объект боюнча подряддык уюмдар менен келишим түзүү алдында турат. 2 объект сынак комиссиянын кароосунда болсо, 1 объектинин сынактык арыздары 2019-жылдын 26-декабрында ачылат.

Copyright © 2017 Maral FM