Биз менен байланышыңыз

Ошто депозиттик эсептен 500 орундуу мектептин курулушу башталды

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 546 | 0

Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарында Бирдиктүү депозиттик эсептен жаңы 500 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, «Манас-Ата» кичи районунун тургундары жана мектеп директорлору катышты.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашев өлкө башчысынын демилгеси менен мектептерди куруу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Заманбап мектептин курулушуна тендер жарыяланып, курулуш иштерине 54 млн сомдон ашык каражат сарпталмакчы. Курулуш иштерин 2020-жылдын IV кварталына бүтүрүү пландалган.

Депозиттик эсеп 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлүп, жемкорлордон кайтарылган каражаттар ушул эсепке которулуп турат. Маалым болгондой, депозиттик эсептен 15 мектеп курууга каражат бөлүнгөн. Бишкек шаарына 7, Чүй облусуна 7, Ош шаарына 1 мектеп курулмакчы.

 

 

 

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM