Биз менен байланышыңыз

«Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ишкерлер мамлекет менен кызматташуусу керек»

Кыска кабар | 1 Сен 2019 | 470 | 0

Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ишкерлер мамлекет менен активдүү кызматташуусу керек. Мындай пикирин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Талас облусундагы ишкерлер менен жолугушканда билдирди.

«Быйыл аймактардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн 2 млрд сом бөлүнүүдө. Бул программа башка каржылоо программаларынан өзгөчөлөнүп турат, бул бизнести өнүктүрүүгө багытталган. Долбоордорду тандоо критерийлери — бул алыскы аймактардын тургундарынын каражатка жеткиликтүүлүгү, жергиликтүү чийки затты жана эмгек ресурстарын колдонуу, ошондой эле экспортко багытталган жана инновациялык мүнөз», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM