Биз менен байланышыңыз

Сапар Исаков ооруканадан УКМКнын тергөө абагына алынып келинди

Кыска кабар | 28 Авг 2019 | 656 | 0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ооруканадан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына алынып келди. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Исаковдун абалы мурдагыдай оор бойдон калууда.

Эске салсак, мурунку премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагында кармалып келген. 16-августунда ал саламаттыгына байланыштуу ооруканага жеткирилген.

Ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча коррупцияга айыпталууда. Ошондой эле, ал – Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын куруу боюнча бириктирилген иште айыпталуучулардын бири.

Copyright © 2017 Maral FM