Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы жарандарды салыктарды өз убагында төлөөгө чакырат

Кыска кабар | 27 Авг 2019 | 419 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев бардык салык органдарынын кызматкерлеринен салык төлөөчүлөргө үлгү көрсөтүүнү жана тиешелүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү болгон учурда унаа, турак жай жана жер салыктарын эки күндүн ичинде төлөөнү талап кылды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.

«Биз өзүбүздүн функционалдык милдетибиз боюнча өлкөнүн бюджетине салыктарды чогултууну камсыз кылууга милдеттүүбүз. Башка жарандар үчүн өзүбүз үлгү болуп, тийиштүү салыктарды өз убагында жана толук көлөмдө төлөшүбүз зарыл. Ошондо гана биз буларды башкалардан дагы таза абийир менен талап кыла алабыз”, – деп белгиледи ал.

Салык кызматынын жетекчиси маалымдагандай, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан учурдагы жуманын аягына чейин салыктарды төлөө зарылдыгы тууралуу бардык мамлекеттик органдарга эскертүү каттары жөнөтүлгөн.

Салык органдары 2-сентябрга чейин, анын ичинде майрам жана дем алыш күндөрү да кезек менен иштешет.

Кабыл Абдалиев жарандарды кийин айып жана туумдарды төлөп калбаш үчүн салыктарды өз убагында төлөөгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM