Биз менен байланышыңыз

Курсан Асановдун жансакчысы кармалды

Кыска кабар | 24 Авг 2019 | 484 | 0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун айдоочусу жана жансакчысы болгон Дамирбек Пайзылла уулу кармалып, ИИМдин убактылуу кармоочу жайына алынып келинди. Бул тууралуу Kaktus.media жазды.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада 22 жаштагы милициянын сержанты Дамирбек Пайзылла уулу Ички иштер министрлигиндеги жумушунан алынган. Кечээ, 23-августта кармалып, ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бирок, бул боюнча Ички иштер министрлиги расмий билдирүү жасай элек.

Такталбаган маалыматтар боюнча анын 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Курсан Асановдун жанында болуп, шек жараткан “баштыкты” алып кеткени айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM