Учурда Сапар Исаковдун абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануу алып жатат.
Эске салсак, 16-августа Сапар Исаковдун ден соолугу начарлап, дарыгерлер тобу кеңеш өткөрүшүп, диагноз коюлгандан соң УКМКдагы камактан ооруканага которулган болчу.