Биз менен байланышыңыз

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин сотко берди

Кыска кабар | 17 Авг 2019 | 451 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин сотко берди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Вице-премьер «кадыр-баркыма, ар-намысыма шек келтирди», — деп гезиттен 10 миллион сомдук моралдык чыгым төлөтүүнү көздөп жатат.

Басылма Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси бар делген такталбаган маалыматты жарыялаган.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 20-мартында Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өкмөттүн отчетун угуу учурунда депутаттар Жеңиш Разаковдун тегерегиндеги кептерди иликтөө боюнча демилге көтөрүшкөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жеңиш Разаков тууралуу айың кептерди иликтеп, бул маалымат чындыкка коопгонун айткан.

Copyright © 2017 Maral FM