Биз менен байланышыңыз

УКМК: Сапар Исаков ооруканага которулду

Кыска кабар | 16 Авг 2019 | 566 | 1

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКдага камактан ооруканага которулду. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Мындай чечим дарыгерлер консилиумунун жыйынтыгы менен кабыл алынган. Сапар Исаковдун ден соолугу начарлап, дарыгерлер тобу кеңеш өткөрүшүп, диагноз коюлгандан соң ооруканага которулган. УКМК Сапар Исаковдун кайсыл ооруканада экенин купуя бойдон калтырууда.

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коорупцияга тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү бүгүнкү күнгө чейин  уланып жатат.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Нурила

    04.12.2019 08:20

    Байкуш Сапар исаковдун убалы кимге, аны ошол ишти бутур, сен екобуз байып жыргайбыз деп жугурткон кишиси онбосун, жап жаш баланы кууратты кыздарына аялына куч кубат берсин еми суранган созун угуп жок дегенде мулкуно тийбей еле койушса болмок ээ Бир кем дуннуо,еми Ким багат кыздарын байкуш ай

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM