Биз менен байланышыңыз

Опумбаев: Каза болгон «Альфанын» кызматкерине Атамбаев чыгарган ок тийген болушу мүмкүн

Кыска кабар | 13 Авг 2019 | 534 | 0

Кой-Таш айылындагы чабуул учурунда каза тапкан «Альфанын» кызматкерине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан чыгарылган ок тийген болушу мүмкүн. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев маалымат жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле күч түзүмдөрүнөн октон жаракат алгандарды санап, атылган октор “Альфа” кызматкерлеринин жүрөк, көкүрөк туштарына тийгенин белгиледи.

«Алты жолу атылган ок боюнча Атамбаевдин айткандары тастыкталды. Биринчи ок Үсөн Ниязбековго тийиши мүмкүн. Ниязбековду жүрөккө атышкан. Ага-лейтенант Ж.У. дагы ок жеп, көзү агып калды. М.Б. аттуу майордун сол далысына, И.Б. аттуу лейтенанттын төшүнө, В.А. аттуу подполковниктин ичине, С.С. аттуу подполковниктин далысынын астына ок тийген. Тергөө мунун баарын укуктук талаада далилдейт«, — деди Опумбаев.

7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада атайын аскердин бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Атайын аскердин алты кызматкери 20 саатка барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын аныктап, 26-августка чейин камакта калтырды.

Ошол күндөрү жасалган мыйзамсыз аракеттери үчүн Атамбаевдин бир нече тарапташы камалып, суракка чакырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM