Биз менен байланышыңыз

Милиция телефондон иш кылган “президенттик аппараттагы жалган чиновникти” таап алды

Кыска кабар | 12 Авг 2019 | 507 | 0

Түрмөдө жатып алып президенттик аппараттын кызматкери катары КСДП жетекчиси Асел Кодуранованы абактагы Атамбаев менен жолуктурам деп убада берип алдаган шектүү кармалды.

Ал Жазаларды аткаруу тутумунун №1 мекемесинде алдамчылык менен соттолуп жазасын өтөп жаткан 32 жаштагы Темир Калмырзаев болуп чыкты. Ал өзү менен бирге жазасын өтөп жаткан 37 жаштагы Талгат Игисиновдун телефонун алып, Президенттик администрациянын өзгөчө жооптуу жетекчисинин атынан КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаевага да телефон чалып, анын да ахыбалын сурап 7-8-августтагы окуялар боюнча толук маалымат алып турган.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Андан сырткары Темир Калмырзаев ЖКнын мурдагы депутаты Молдобековага, Транспорт министрлигинин орун басарына, Бишкек мэриясынын жооптуу жетекчи кызматына, Экономика министрлигине жана башка бир катар мамлекеттик органдарга телефон чалып алардын иштеп жаткан ишмердүүлүгүн тактап сурап, кандай иштер аткарылат, кандай иштер пландалууда деген суроолорду коюп бардык маалыматтарды алып турганын айткан.

Учурда Темир Калмырзаев менен Талгат Игисинов абак ичиндеги өзүнчө түрмөгө камакка киргизилди. Ал сүйлөшкөн телефондор күбө далил катары алынды. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш процесси жүрүүдө.

Милиция бул кылмышкерлердин алдамчылыгынан жабыркагандар болсо ИИМдин криминалдык милициясына 0-312 26-62-61, кайрылууну өтүнөт.

Ошондой эле, Кыргызстандын ар бир жараны кандайдыр бир кооптуу жана жардам берүү тууралуу телефон чалуулар болсо сөзсүз кайра текшерүүн, кооптонуу бар болсо токтоосуз түрдө милицияга кайрылууну эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM