Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы: Эртең айрым аймакта таза суу токтотулат. Камдап алгыла

Кыска кабар | 12 Авг 2019 | 911 | 0

Эртең, 13-августта, Бишкектин айрым аймактарында, мэриянын өзүндө да таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Шаардын Турусбеков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен өткөн түтүктөрдү тазалоо иштерина байланыштуу эртең мененки саат 09.00дөн 21.00гө чейин таза суу берүү токтотулат.

Мындан улам, Бөкөнбаев, Калык Акиев, Фрунзе жана Манас көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт. Ошондой эле борбордук муниципалитетте дагы суу жок болот.

«Суунун убактылуу токтотулушу Турусбеков менен Токтогул көчөлөрү менен өткөн түтүктөрдү тазалоо иштерине байланыштуу», — деп айтылат маалыматта.

«Бишкексууканал» ишканасы ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурайт. Ал эми муниципалитет жарандарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM