Биз менен байланышыңыз

Министрлик: “Апрель” каналынын жабылышын саясатташтырбаш керек

Кыска кабар | 10 Авг 2019 | 2045 | 0

“Апрель” каналы оор кылмышка шектелген адамдын мүлкү катары сот тарабынан камоого алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тараткан түшүндүрмө берди. Анда “Апрель” телеканалын камоого алуу анын редакциялык саясатына, көрсөтүүлөрүнүн мазмунуна же бийликке карата позициясына байланышы болбогону белгиленген.

««Апрель» телеканалы мамлекеттик органдарга карата ачык сын көз карашы менен белгилүү болчу. Ал иштеген жылдары маалыматтык саясаты үчүн куугунтукка алынган жок. Оор кылмышка шектелген адамдын мүлкү катары гана камоого алынды», — деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.

Мындан улам мамлекеттик орган бул маселени саясатташтырбоого чакырды.

Кечээ кечинде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камоого алган. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана социалдык тармактын колдонуучулары сөз эркиндигине басым катары баалашууда.

Copyright © 2017 Maral FM