Биз менен байланышыңыз

УКМК: Аймактар аралык касташууну козуткан соцтармактын колдонуучусу кармалды

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 592 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы “А.Ж.” аттуу социалдык тармактардын активдүү колдонуучусун камакка алды. Ал аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча 24-ноябрда кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Такталгандай, “А.Ж.” жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаратылып, бири-бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну пайда кылган. 2019-жылдын 25-ноябрында “А.Ж.” КР Кылмыш-жаза кодексинин 313- беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (аймактар аралык касашууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат бул факты боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM