Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин тарапташтыр Ала-Тоо аянтына чогулушту. Чүй көчөсү жабылды

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 454 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Бишкектин борбордук аянтына чогулуп жатышат. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Атамбаевчилер аянттагы тосмонун сындырып, жолду тосушту. Чогулгандар кыйкырыктарды салышып турушат. Айрымдары Улуттук коопсуздук комитетинин имаратын көздөй жөнөп жатышат. Ала-Тоо аянтында милиция кызматкерлери жок.

Нааразычылык билдиргендер эмне максатты көздөп жатышканы белгисиз. Алар кандайдыр бир талаптарды да коюша элек.

Беттерин чүмкөнүп алышкан, прессага тескери көз карашын билдирип, ал турсун эл чогулган жерден алыс жакка кубалап жатышат.

Азыр эле бир катар журналисттерге ыдык көрсөтүшүп кубалады.

Эске сала кетсек мурдагы президент Атамбаев бүгүн өз ыктыяры менен күч органдарына колго түшүп берди.

Учурда ал УКМКда жактоочусу Сергей Слесаревдун катышуусунда сурак берип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM