Биз менен байланышыңыз

Атамбаев бийликке кайрылып баш аламандыкты токтотууга чакырды

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 742 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев коомчулукка видео кайрылуу жасады. Анда Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүп, күч органдары тарабынан желим октор менен кошо согуштук октор колдонулганын белгиледи. Окуяда бейкүнөө адамдар жабыркаганын айтты.

Атамбаев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, коррупцияга барбаганын, бул боюнча мыйзамдын чегинде жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Атамбаев бийликке кайрылып, баш-аламандыкты токтотууга чакырып, болбосо анын аягы жаман болуп бүтөрүн эскертти. Өз сөзүндө Атамбаев ошондой эле күч түзүмдөрүн өз элине ок атпоого чакырды.

Буйрук бергендер качып кетет. Силер жооп берип каласыңар. Силер Мекенди, элди коргойм деп ант бергенсиңер”, — деди Атамбаев.

Элге кайрылып, эл бар үчүн бийликтин аракетине туруштук берип жатканын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM