Биз менен байланышыңыз

«Эконом семейный» дүкөнүнөн кантип үнөмдүү жана саркеч кийинсе болот?

Кыска кабар | 6 Авг 2019 | 708 | 0

Азыркы тапта убакытты да акчаны да үнөмдөп, ошол эле убакта өзүңүзгө жаккандай ыңгайлуу жана саркеч кийинүүгө мүмкүнбү? Биздин бул суроого Кыргызстанда алгачкы жолу ачылып жаткан “Эконом Семейный” дүкөнүнүн башкы менеджери жооп берип, бизге ачылышы ушул жылдын 11-августуна белгиленген ири дүкөндү тааныштырып чыкты.

“Эконом Семейный” дүкөнү Орусиянын эң ири шаарларында ийгиликтүү иштеп жаткан “Ценопад” дүкөндөр тармагына таандык болуп саналат. “Ценопад” Орусиянын эң ири 15 шаарында бир канча жылдан бери ийгиликтүү иштеп келүүдө. Ал эми быйыл бул дүкөндөр тармагы Кыргызстандын рыногуна “Эконом Семейный” деген ат менен кирүүдө. Тагыраак айтканда Бишкектеги Технопарктын ичинде 11-августта ачылышы болот.

Бул магазинди кыдырганыбызда аялдарга, эркектерге, балдарга арналган кийимдердин бардык түрү бар экен. Ошондой эле мектеп окуучуларына керектүү болгон окуу куралдары, формаларды да ушул жерден таба аласыз. Мындан сырткары текстиль жана үй буюмдарын да ушул жерден арзан жана ыңгайлуу баада табууга мүмкүн.

“Эконом Семейный” дүкөнүнүн өзгөчөлүгү, бул ар бир кардарга ыңгайлуу соода кылууга жана каражатты үнөмдүү колдонууга шарт түзөт. Бул жердеги товарлар негизинен Түркия,Орусия, Кытайдан түз келет. Ошондой эле жергиликтүү Кыргызстандын өндүрүшүнөн чыккан товарларды да сатышат.

Магазиндин ичинде товардын көптүгүнөн башыңыз айланышы мүмкүн. Бирок “Эконом Семейный” кардарлардын ыңгайлуулугун ойлоп, аянты 700 чарчы метр жерди ээлеген. Кийимдер категориясына жана эркектер, аялдар, балдар жана текстиль, бут кийим, тиричилик буюмдары деп бөлүнүп, илинген. Ошондой эле сиз өзүңүзгө чак келген кийимди тандооңуз үчүн дүкөндүн ичинде 8 кийим өлчөөчү кабиналар орнотулган.

Ал эми сатуучулар келген кардарларга кеңештерин берип, туура жана максаттуу сатып алууларды жасоосуна көмөктөшөт. Ал эми баалар тууралуу айта турган болсок, мисалы балдар үчүн бут кийимдер болгону 250 сомдон башталат. Ал эми айымдар үчүн кофталар 200 сомдон. Текстиль бөлүмүндө болсо эки жаздыктын баасы 500 сом же жылуу пледди болгону 399 сомго алсаңыз болот.

Биз жаңы ачылып жаткан “Эконом Семейный” дүкөнүндөгү баалар тууралуу болгону бир-эки эле мисал келтирдик. Сизди таң калтыра турган бааларды билгиңиз келсе 11-август күнү саат 09:00дө Горький жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Технопарк соода борборунун 1-кабатына келиңиз. Дагы да толугураак маалымат алуу үчүн  0707 799 666, 0778 950 005 номерине чалып билсеңиз болот. Ошондой эле Инстаграмда @econom.ma аккаунтуна катталып, маалымат ала аласыз.

 

Copyright © 2017 Maral FM