Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды

Кыска кабар | 31 Июл 2019 | 462 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлык акысын жана пенсия өлчөмүн жогорулатуу механизмдерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бул маселелерди сапаттуу иштеп чыгуу өзгөчө маанилүү болуп саналат.

«Бүгүн биздин алдыбызда келе жаткан күздө мугалимдердин айлык акы өлчөмүн жогорулатуунун натыйжалуу механимздерин аныктоо милдети турат. Мамлекет бул үчүн зарыл болгон финансы ресурстарын табууга тийиш. Пенсиялардын өлчөмүн көтөрүү дагы өзгөчө маанилүү маселе болуп саналат», — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы бардык чегерүүлөрдүн принциптери жарандар үчүн түшүнүктүү жана акыйкат болушу үчүн алдыда өлкө боюнча айлык акы жана пенсияларды жогорулатуунун механизмдерин тыкыр иштеп чыгууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM